Улуу Британияда темир доорунун аскерлери көмүлгөн мүрзөлөр табылды

Улуу Британиянын Йоркшир аймагында адырлар арасында аррас маданиятынын өкүлдөрүнө таандык 75 мүрзө, ошондой эле 2500 жыл мурда көмүлгөн аскер кол башчысынын сөөгү табылган. Бул табылгалар акыркы он жылдыктагы улуу ачылыш катары эсептелүүдө. Бул тууралуу "Лента.ру" басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Поклингтон шаарында жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин учурунда темир доорундагы аскерлердин мүрзөлөрүнө туш болушкан. Табылган мүрзөлөр эки түргө бөлүнгөн. Анча чоң эмес, тоголок формадагы мүрзөгө коомдогу элита дегендер (аскерлер курал-жарактары менен) коюлса, тик бурчтууларга уруунун жөнөкөй өкүлдөрү көмүлгөн. Жалпысынан 160 адамдын сөөгү табылган. Археологдор 360тан ашуун янтардан жана айнектен жасалган мончокторду, төөнөгүчтөрдү, ылайдан жасалган идиштерди, кылыч жана найзаларды табышкан.

Улуу Британияда темир доору болжол менен 800 жылга созулуп, биздин замандын биринчи кылымында бул аймак Рим бийлигинин кол астына өткөндө бүткөн. Бул учурда көптөгөн кан төгүүлөр болуп, Британиянын көптөгөн уруулары бири-бири менен согуш жүргүзүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Pandora
2016-03-22 18:09:51
Эми жон эле койсо болот арбактын соогун чукуп,рухун чыркыратып не кылат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан