Дарыларды лицензиясы жок сатып жаткандарга айып пулду жогорулатуу сунушталууда

Дарыларды лицензиясы жок сатып жаткан адамдарга айып пулду жогорулатуу долбоору 26-мартта ЖКнын социалдык саясат комитетинин жыйынында жактырылды. Тиешелүү административдик кодекске өзгөртүү киргизүү маселесин депутат Дамира Ниязалиева көтөрүп чыккан. Анын айтымында, учурда тиешелүү уруксаты жок дары саткандар абдан көбөйдү, аларга болгон айып пул 500 сомдон 1000 сомго чейин. “Базарларда мыйзамсыз дары каражаттарын сатуу абдан көбөйүп кетти. Буларга тиешелүү чараларды көрүп, айып пулдун өлчөмүн 2 миң сомдон 5 миң сомго чейин жеткирүү керек”,- деди эл өкүлү. Жыйынтыгында долбоорду ЖКнын кароосуна алып чыгуу чечими кабыл алынды.

 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан