Бүгүн, 22-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...
Кыргыз-өзбек чек арасында кырдаалдын оңолбой жатышы премьер-министр Темир Сариевди Аксыга барууга аргасыз кылды. Жергиликтүү элге жолуккан өкмөт жетекчиси борбордон атайын чек ара көйгөйү боюнча келгенин, кырдаалды өзгөртүүгө бардык аракет жасалып жатканын айтты. Чек арада жылыш болбой жатканын да моюнга алып, "ушундайда ичибизден бөлүнбөй, биригели" деп оппозициянын аракеттерин кыйыр түрдө сындады...
Чогулгандар премьер-министрге суроо жаадырып, жооп ала алышкан жок. Митингге катышкандар SUPER.KG порталына тастыктагандай, Сариев эл алдында кыска сүйлөп, шашылыш кайтып кетти. Маалыматка таянсак, өкмөт башчынын сөзүнө канааттанбаган көпчүлүк нааразычылык билдире баштаган маалда министрлер кабинетинин башчысы Ала-Бука районуна да барышы керектигин айтып ал жерден кеткен. Ошентип, аксылыктар 18-марттан бери күткөн жогорку бийликтин өкүлүнөн канааттандырарлык жооп ала албай калышканы айтылууда. Болгону анын "башкаларга 1 сантиметр да жер берилбейт" дегени эсте калды...
Бүгүн интернет желесине көпчүлүктүн кызыгуусун арттырган аудио тарады. "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делген пикир алышууда бир нече адамдын 24-мартта Ош шаарында өтүүчү курултайды пландап жаткандары баяндалат. "Монтаждалган... Чын болушу мүмкүн"... Коомчулук азырынча эки түрдүү пикирде. Сүйлөшүүгө катышкандардын ким экени белгисиз, бирок материалда алар Азимбек Бекназаров, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Дуулатбек Турдуналиев, Равшан Жээнбеков деп көрсөтүлүүдө. Сүйлөшүүнүн түбү оппозицияны бир күчкө бириктирип, бийликти алмаштырууга барып такалууда.
Тийиштүү органдар материалды иликтөөсү зарыл. Жасалган болсо жасагандарды, чын болсо өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратуучу аракеттердин алдын алышы шарт. ИИМ аталган материалдан кабардар экенин, иликтөө жүрүп жатканын SUPER.KG порталына маалымдады. УКМК азырынча комментарий бере элек.
КМШ өлкөлөрүнүн арасынан эң таза суу кыргыз мамлекетинде жана Тажикстанда чыгат. Изилдөөлөр ушундай жыйынтык бергенин бизге бүгүн Оорулардын алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин башчысы Төлө Исаков билдирип, кыргыз жеринен чыккан суулардын микробиологиялык жана химиялык көрсөткүчтөр боюнча адам организмине пайдасы зор деп эсептелерин кошумчалады.
"Колдогу алтындын баркы жок" дейт элибиз. Дүйнөдө ичүүчү суу көзүнөн учкан көптөгөн мамлекеттер бар. Адистер саналуу жылдардан кийин суунун баасы алтындын наркына теңелерин айтып коңгуроо кагып жаткан учурда сай-сайдан салаалап агып жаткан табигый байлыгыбызга аяр мамиле кылуубуз зарыл.
Бишкек шаарындагы төрөт үйлөрүнүн биринде бүгүн 15 жашар кыз төрөдү. Жапжаш келин никелүү күйөөсүнөн көз жарганын Бишкек ШИИББинен билдиришти. Аталган айымдын күйөөсү, тагыраагы, мурунку күйөөсү учурда Орусияда иштейт. Экөө баш кошкондорунан көп өтпөй ажырашып кеткени белгилүү болду.
Кыздардын турмушка өтө эрте чыгышы кыргыздын заманга ылайыкташкан менталитетине туура келбейт. Муну эң оболу кыз жана анын ата-энеси ойлонууга тийиш. Эрте эне болуу айымдардын ден соолугуна зыяндыгын жана улуттун генофондуна терс таасир этерин адистер айтып келишет. Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, өлкөдө былтыр миңден ашуун кыз жашы жете электе кош бойлуу болушкан.
15 жашында эне болгон аталган кыз өзүнүн макулдугу менен турмушка чыккан. Күйөөсүнө карата эч кандай арыз жазган эмес. ИИМ дагы бул факты боюнча кылмыш иши козголбой турганын маалымдады.