Борбор калаанын Кызыл-Аскер аймагында танканын снаряды табылды. Бул тууралуу 22-март күнү SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган аймактын Сельсовет көчөсүндөгү агынды суулар өтүүчү люктан селсаяктар болжол менен танканын снарядын таап алып, бул тууралуу 102 кызматына билдиришкен. Жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында жакынкы көчөлөр тосулуп, аталган жерде аймактык милициянын жетекчилиги жана ыкчам тергөө тобу иликтөө иштерин жүргүзүп жатат. Азыркы тапта УКМКнын сапёрлорунун келиши күтүлүүдө.