Кызыл-Аскер аймагында табылган снаряд Башкы штабдын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта окуя болгон жерден SUPER.KG порталынын кабарчысы билдирди.
Маалым болгондой, бүгүн табылган снарядды аталган кызматтын кызматкерлери алып кетип, учурда тосулган жол ачылды. Ал эми снарядды таап алган селсаякты Ленин РИИБинин кызматкерлери суракка алып кетишти. Куралдуу күчтөрдүн өкүлү табылган снаряд эски экенин жана бүгүн жок кылынарын белгиледи.
Эске салсак, снарядды аталган аймактагы агынды суу өтүүчү люктун ичинен селсаяк таап алып, бул тууралуу 102 кызматына билдирген.