26-мартта Жогорку сотто Ысык-Көл облустук сотунун жаңы шайланган судьялары ант беришти. Иш-чараны салтанаттуу түрдө жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Белгилей кетсек, биринчи жолу судьялар 5 жылдык мөөнөткө шайланышты. Судьялыкка жалпы 12 орун бар, азыркы учурда 10 судья шайланып, 2 орун бош. Бул кызматка 29 талапкердин ичинен Таалайбек Акматов, Гүлкайыр Алиева, Жолдош Асаналиев, Болот Асанбаев, Азизбек Досмамбетов, Медер Жаныбеков, Айбек Молдакунов, Аида Рыскулова, Мира Шамбетова жана Улан Шерипов өткөн.