Брюсселдеги жардыруулардан каза тапкандардын саны 27 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага кайрылгандардын саны такталууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аэропорттун ичиндеги 2 жардыруудан 17 жети адам каза тапса, метрополитендин жанындагы жардыруудан 10 адам мерт болду. Брюсселде метро, коомдук унаа, трамвайлар убактылуу токтотулганы маалымдалды. Аэропорттун ичинде 2 жардыруу болуп, учуп келген жүргүнчүлөр кабыл алынчу залдын шыбы кулап, имаратка чоң зыян келтирилгендигине байланыштуу ал 23-март, таңкы саат 06:00гө чейин толугу менен жабылды. Бул аэропортко учуп келүүчү учактар убактылуу Бельгиянын аймактык аэропортторуна конмокчу болду.
Жергиликтүү массалык маалымат каражаттары жардыруулардын алдында араб тилиндеги кыйкырыктардын жана атышуулардын үндөрү чыкканын жазып чыгышты.