Күбө: "Данияр Дунганов мени сөгүп, Ак үйдүн короосунан кууп чыккан"

Бишкекте 7-апрель окуясы боюнча сот жыйыны бүгүн да уланды. Ага айыпталуучу катары катышып жаткан Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурунку орун басары Данияр Дунганов, элге каршы ок атпаганын бүгүн да кайталады. “Мен ал күнү сотто көрсөтмө берип жаткан күбө Марипа Алыйкулова менен сүйлөшкөм. Анда Ак үйдүн ичине 7 адам гана кире алат деп айткам. Берген көрсөтмөлөрүм үчүн да сотто жоопко тартылууга даярмын”,- деди ал. Ал эми анын мындай билдирүүсүн күбө Алыйкулова четке какты. “Дал ушул адам мени жаман сөздөр менен сөгүп, дарбазадан кууп чыккан. Элге каршы ок чыгарган да ушул адам”,- деди күбө.  

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан