Борбор калаада "денеге атайылап залал келтирген" деген шек менен 3 жаран кармалды, алардын бири өспүрүм. Бул тууралуу бүгүн, 22-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 22 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 01:30 чамасында И.Ахунбаев жана Абай көчөлөрүнүн кесилишинен белгисиз 3-4 адам анын денесине атайылап залал келтиргенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы Н.В., 23 жаштагы П.И. аттуу шаар тургундары жана 24 жаштагы П.Н. аттуу Сокулуктун тургуну кармалган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.