Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 17 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Чүй облусуна караштуу Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы Киров көчөсүндөгү жеке менчик бала бакчанын ашканасында өрт чыккан. Жыйынтыгында 4 пластик терезе, 2 пластик эшик, 3 отургуч жана стол күйгөн. Өрттүн чыгышына тиричилик газ буюмдарын пайдаланууда эреженин бузулушу себеп болгону аныкталды.
Мындан тышкары Чүй облусунун Панфилов районунун Панфилов айылындагы “Финка” банкынын филиалында өрт кырсыгы болгон. Жалпысынан имараттын 300 чарчы метри өрттөнгөн, 2 кабаттуу имараттын чатыры жана 10 чарчы метр алюкобонд менен капталган сырткы шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.