Ош шаардык сотунун чечими менен "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" тобу террордук топ катары табылып, ага өлкө аймагында тыюу салынды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган террордук топко Сириянын жарандары гана кирбестен, ага кыргыз жарандары да мүчө экени аныкталган. Кыргыз мамлекетинде аталган террордук топтун кызыкчылыгын көздөгөн аракеттерди жасоо фактылары катталып, ал жарандардын үстүнөн кылмыш иши да козголгон.
Эске салсак, 2015-жылдын 14-март күнү аталган террордук топтун иштерине өлкөбүздө тыюу салуу боюнча арыздын үстүнөн Ош шаардык соту караган.