Баткен облусунда адам уурдоо фактысына шектелип 4 адам кармалды

Баткен облусунда адам уурдоо фактысына шектелип 4 адам кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 15-мартта саат 14:00 чамасында Кадамжай районунун Марказ айылындагы кесиптик лицейде кароолчу болуп иштеген Лачынбек К. аттуу жаранды Ноокат районунун Жаңы-Ноокат айылынын 27 жаштагы Нодира аттуу тургуну 3 жигит менен келип, аны унаага салып кеткен. Аны 3 күн бою Ош шаарындагы үйлөрдүн биринде себепсиз кармап отурушкан.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Баткен ОИИБинин уюшкан кылмышка каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан аталган жаран бошотулган. Бул факт боюнча "адам уурдоо" беренеси менен кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү катары 4 адам кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
jibew
2016-03-23 10:46:53
Нодира эркекпи аялбы?
-1
aikokul14
2016-03-23 10:54:56
jibew,аял.
+1
Belek2070
2016-03-23 11:49:08
aikokul14, эркек
+1
dasta
2016-03-23 10:52:03
Урдалбаган еми адам еле калды ле
0
89elnura89
2016-03-23 11:36:53
Себеби болсо керек.Кантим имена ошо адамды алып кетишкен.Себеби ошо уурдалган адам билет.
0
Alixan-Nookat.2015
2016-03-23 13:02:43
Мен тааныйм Лочынды жакшы бала эле туз жургон болчу лицейде кароол болуп иштечуу.
0
azik.kdm
2016-03-28 18:52:17
чынында болгон окуя менин айылдашым болот лочын ака
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан