Бишкекте "2 унааны тартып алып, 100 миң сом пара алган" деген шек менен Мамлекеттик каттоо кызматынын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 12-март күнү аталган кызматтын коррупцияга каршы бөлүмүнө арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал Мамлекеттик каттоо кызматынын Н.Ш. аттуу статс-катчысы жана У.А. аттуу кызматкери 7 миң долларга бааланган Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү эки унаасын тартып алышканын билдирген. Андан сырткары ошол эле адамдар дагы 550 миң сом акча талап кылып жатышканын кошумчалаган.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 100 миң сом пара алып жаткан жеринен аталган кызматтын Н.Ш. жана У.А. аттуу кызматкерлери кармалышты. Учурда бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.