Бишкек шаарында уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен 32 жаштагы шаардын Т.Н. аттуу тургуну кайрылган. Ал 21-март күнү саат 18:00 чамасында белгисиз адамдар үйүнүн эшигин талкалап кирип, уюлдук телефон, ноутбук, алтын зер буюмдарын, 800 доллар жана 14 миң сом акчасын уурдап кетишкенин билдирген.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө кызматкерлери тарабынан 22 жаштагы А.Т. жана 20 жаштагы А.Н. аттуу жарандар кармалган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.