Ислам Каримовдун кызы атасынын инфарктка кабылганын төгүндөдү

"Өзбекстандын президенти Ислам Каримов инфарктка кабылып, учурда абалы оор". Мындай кабарды алгачкылардан болуп 22-март күнү Өзбекстан элдик кыймылы жарыялап, башка маалымат булактары аркылуу тарай баштады. Бирок Ислам Каримовдун улуу кызы Гүлнара Каримова твиттерде атасынын ден соолугу тууралуу маалыматтарды төгүндөп, Нооруз майрамында атасынын 20 мүнөт тынбай бийлегенин билдирди.

Маалымат үчүн: Ислам Каримов 1938-жылы 30-январда туулган, учурда 75 жашта. Өзбекстан элдик-демократиялык партиясынын өкүлү. Өзбекстанды 1990-жылдын 24-мартынан бери башкарып келет. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан