Бишкекте көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 2-кабатынан 25 жаштагы жигит кулап, жаракаттарды алды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта “Тез жардам” кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган кызматка 22-март күнү саат 18:47де "көп кабаттуу үйдөн адам кулап кетти" деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге аталган кызматтын кызматкерлери барып, белгисиз себептерден улам кулап кеткен жаранга алгачкы медициналык жардам көрсөтүп, аны ооруканага жеткиришкен.