Бишкекте мас абалдагы адам өзүн өзү бычактап салды. Муну 23-март күнү “Тез жардам” кызматынан маалымдашты.
Маалым болгондой, бүгүн саат 02:23тө "Тез жардамдын" нөөмөт бөлүмүнө "Жибек-Жолу жана Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде 33 жаштагы адамга медициналык жардам керек" деген билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган "Тез жардамдын" кызматкерлери 33 жаштагы жаран өзүн өлтүрүүгө аракеттенип, ичине бычак сайганын аныктап, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүшкөн. Кийин ал Улуттук хирургиялык борборго жеткирилген.