Бишкектин көчөлөрүн оңдоо иштери башталды. Шаардык
мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, Токомбаев көчөсүнүн Байтик баатыр көчөсүнөн Сухэ-Батор
көчөсүнө чейинки бөлүгү, Гагарин көчөсүнүн Тынчтык проспектисинен Чапаев
көчөсүнө чейинки бөлүгү жана Чапаев көчөсүнүн Гагарин көчөсүнөн Л.Толстой
көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жолдорду оңдоо иштери башталды. Мэрия бардык
нормалар аткарылып, салына турган жол стандартка жооп берерин билдирет.