АКШда София аттуу аял-роботту жасашты. Бул тууралуу америкалык басылмалар жазып чыгышты.
Роботту жасагандардын айтымында, ал адамга таандык бардык эмоцияларды билдире алат. Анын көздөрүнө орнотулган атайын камера адамдын бет түзүлүшүн айырмалай алат. Андыктан визуалдык байланыш түзүү жөндөмүнө ээ.
Ошондой эле ал адамдын сүйлөгөн сөзүн, кандай маанайда сүйлөп жатканынан бери эстеп кала алат. Бул нерсе робот-аялга адамдар сыяктуу эле акылдуу болууга мүмкүндүк берет. Аны менен баарлашкан журналисттин "Адамзатты жок кыласызбы?" деген тамаша иретинде айтылган суроосуна "мен адамзатты жок кылам" деп жооп берген.
Окумуштуулардын айтымында, келечекте адамдан айырмасы жок роботтор жасалып чыгат.