Жалал-Абад облусуна караштуу Алмалуу айылындагы жер көчкү 4 электр мамысын авариялык абалга келтирди. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер көчкү бүгүн саат 08:20 чамасында катталган, анын кесепетинен жогорку чыңалуудагы 4 электр мамысы авариялык абалга келген. Маалыматты жеринен тактоо үчүн жергиликтүү Жарандык коргонуу комиссиясы жер көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетти.