Борбор калаадагы Асанбай кичи районунун аймагындагы үйлөрдүн биринен өрт чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт А.Токомбаев көчөсүндө жайгашкан төрт кабаттуу үйлөрдүн биринин чатырынан чыккан. Азыркы тапта окуя болгон жерге эки өрт өчүрүүчү унаа тартылып, өрттүн келип чыгуу себебин тактоо иштерин жүргүзүүдө.