Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышууга Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ОДКБ) өкүлү келет

Бишкекке Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келет. Бул тууралуу аталган уюмдун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, А.Бадалян кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал менен таанышуу жана кыргыз тарапка кеңеш берүү максаты менен келмекчи. "Чек арадагы кырдаалды ЖККУнун Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин мүчөлөрү уюмдун башкы катчысы Николай Бордюжанын катышуусунда телефон аркылуу талкуулап жатышат",- деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ, 22-мартта кыргыз тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун Туруктуу кеңешинин шашылыш жыйыны болуп өткөн. Жыйында Кыргыз Республикасынын ЖККУдагы туруктуу жана ыйгарымдуу өкүлү Аман Мамбетсеитов Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун такталбаган кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берген.

ЖККУнун туруктуу өкүлдөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы түзүлгөн курч кырдаалга тынчсыздануусун билдиришип, кырдаалга мындан ары байкоо жүргүзүшөрүн белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан