Чүй облусунда "айылдашын бычактаган" деп шектелген жаран кармалды

Чүй облусунун Жайыл районунда "айылдашын бычактаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 21-март күнү саат 17:30 чамасында аталган райондун аймактык ооруканасына бычактан бир нече жаракат алган Алтын айылынын 38 жаштагы С.Г. аттуу тургуну түшкөн. Бул факт боюнча иликтөөчү топ окуя болгон жерге барып, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 41 жаштагы Б.И. аттуу жаранды кармашкан. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында жабырлануучу менен кылмышка шектүү спирт ичимдигин ичип отурганда экөөнүн ортосунда уруш чыгып, бири экинчисин бычактап салганы аныкталган. Учурда кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, бул факт боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Venus_22_02_86
2016-03-23 14:52:17
Аты жаман арактын артынан кылымыштар кобойдуго.
+1
konsilium
2016-03-23 15:08:20
Арака шылтап коюшуп акмактарыбыз кобойду.Арактын арты окунуч экенин билип туруп эле шимирип жатып калышты го,улуусу деле кичуусу деле.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан