Чүй облусунун Сосновка айылынан 750 грамм баңгизат менен Токтогул районунун тургуну кармалды. Муну 23-март күнү Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 22-март күнү болжол менен саат 14:30да Сосновка айылынан унааларды текшерүү маалында баңгизат менен ДАФ-Х95 үлгүсүндөгү унаанын 35 жаштагы Т.Р. аттуу айдоочусу кармалган. Унаанын ичин текшерүү маалында алдынкы отургучтарынын астынан 750 грамм салмактагы марихуана табылган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.