Ош облусунда кароосуз калган устаканага өз уулун таштап кеткен жалгыз бой энеге баласы кайтарылып берилди. Бул тууралуу 23-март күнү SUPER.KG порталына Кара-Кулжа районунун прокурорунун орун басары Төрөбай уулу Тыныбек билдирди.
Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдөн улам өз баласын кароосуз калган устаканага таштаган келиндин бул наристеден сырткары 3 баласы бар экени аныкталган. Баланын энеси жарандык никеден төрөгөн баласын бага албай турганын айтып, таап алган адам менен сүйлөшүүдөн улам ага бергени белгилүү болгон.
“Окуянын чоо-жайын иликтөөдөн улам аталган факт боюнча эч кандай кылмыштын курамы аныкталган эмес. Таап алган жаранга карата жалган маалымат бергендиги үчүн юридикалык баа берилген, ал эми наристени 28 жаштагы апасы алып, жалгыз бой эне катары баласына күбөлүк алып кетти”,- деп билдирди прокурордун орун басары.