КҮНСЕРЕП: Аксыдагы Үңкүр-Тоону өкмөт Өзбекстанга кармата бере жаздады... Оппозиция Ошто өтүүчү митингин токтотту...

Бүгүн, 23-март. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз...

Үңкүр-ТооАксынын борбору Кербен шаарына караштуу Үңкүр-Тоонун тагдыры коомчулукта чуу жаратты. Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргеш Озокеев бүгүн премьер-министр Темир Сариевден "Үңкүр-Тоонун чокусундагы станцияны көчүрүүгө жер тапкыла" деп буйрук келгенин жарыялап, мындай кабар Аксынын эле эмес, бүтүндөй республика жашоочуларынын кыжырын келтирди. Көпчүлүк "чек ара кырдаалын чечүү үчүн өкмөт Үңкүр-Тоону Өзбекстанга өткөрүп бергени жатат..." деген пикир жаадырышты.

Ал эми Кербен шаардык кеңешинин депутаттары кезексиз сессияда премьер-министрдин буйругуна каршы чыгышып, "Биз станцияны башка жерге көчүрүүгө эмес, Үңкүр-Тоонун башын бошотууга каршыбыз" деп позициясын так билдиришти. Аталган тоо Өзбекстанга караштуу аймак катары көрсөтүлүп, станцияны Кыргыз Республикасынын башка аймагына көчүрүү боюнча Сариев өткөргөн өкмөт чогулушунун протоколу да жарыяланды...

Бирок бул документ жөнүндө өкмөт комментарий берген жок... Болгону коомчулукту тынчтандырууга шашып "Үңкүр-Тоодогу станция эч жакка алынбайт, болгону кошумча станция курганы жатабыз" деп билдирүү жасады. Бүдөмүк суроо калууда... Эгерде Кербен шаардык кеңешинин депутаттары буйрукту кыйшаюусуз аткарып, "Сариевден буйрук келди" деп кыйкырып чыкпай, станцияны көчүрүүнү колдоп беришкенде Үңкүр-Тоо коңшу өлкөнүн карамагына кирип кетиши мүмкүн беле?

Парламент депутаттары өкмөт башчынын маалыматын угуштуБүгүн чек арадагы кырдаалга Жогорку Кеңештин депутаттары үн катышты. Тагыраагы, спикер, парламенттеги фракция лидерлери кыргыз-өзбек чек арасындагы абал тууралуу өкмөт башчынын маалыматын угушту. Көйгөйдү чечүүдөгү өкмөттүн аракетин колдоого алышарын билдиришти. Аксыдагы кырдаалдан кабар алганы өлкөгө Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысынын орун басары Ара Бадалян келери белгилүү болду. Уюмдун өкүлү абалды өз көзү менен көрүп, кыргыз тарапка кеп-кеңешин бермекчи.

22-март. Оппозиция өкүлдөрү АксыдаБелгиленген мөөнөткө бир күн калганда оппозиция Ошто өткөрө турган курултайын токтотту. Чыныгы себебин ким билсин, өздөрү "чек арадагы кырдаалга байланыштуу токтоттук" деп маалымдашты. Буга чейин жарыяланган аудиожазууларда оппозициянын бир муштумга бириге албай жатканы тууралуу сөздөр айтылганын эске алганда, 24-мартка белгиленген ири митингдин болбой калышына оппозициянын ички ынтымагы да таасир бериши мүмкүн. Анткени курултайга катышат делген айрым оппозициялык маанайдагы саясатчылар курултайдын токтотулганынан кабардар эмес экенин бүгүн тастыкташты.

Анан да "Оппозиция өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсү" делинип интернетке тараган аудио монтаж эместигин УКМК тастыктап, коомчулукка жарыялады.

Кооптуу айылСузак районуна караштуу Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылындагы жер көчкүдөн улам 18 турак жай электр жарыгысыз калып, 20 үйдү суу каптап кетүү коркунучу жаралууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, жер көчкү саат 08:20 чамасында катталган. Анда 52 000 метр куб жер көчкү жүрүп, 5 электр мамысын авариялык абалга келтирген. Андан сырткары жер көчкү Алмалуу-Булак сайын жана ички чарбалык унаа жолду тосуп калган. Жаз келери менен көчкү, сел кырсыктары жанданат. Тийиштүү министрлик эртерээк чара көрбөсө, айыл эли көчөдө калышы мүмкүн болуп туру...

Адил ТойгонбаевЭл аралык издөөдө жүргөн Адил Тойгонбаев Дубайдан кармалганын бүгүн Ички иштер министрлиги билдирди. Кылмышка шектүү Интерпол жана Бириккен Араб Эмираттарынын укук коргоо органдарынын биргелешкен аракети менен колго түшүрүлдү. Тойгонбаевдин бул үчүнчү жолку кармалышы. Орусияда мурунку жылдары эки жолу кармалып, кайра боштондукка чыгып кеткен. Бул жолкусунда да бошонуп кетери же жазага тартылары азырынча белгисиз. Кыргыз мамлекетинин биринчи президенти Аскар Акаевдин мурунку күйөө баласы А.Тойгонбаев бир нече беренелер боюнча айыпталууда. Кайнатасы президент болуп турган маалда өлкөдө бир нече объектти мыйзамсыз алган деп да күнөөлөнүп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (43)
manas_skf
2016-03-23 21:51:22
1991-жылы 16-декабрда Алмата декларациясы кабыл алынып, ал боюнча СССР жоюлуп КМШ түзүлгөн. Ошол декларацияда чегаралар боюнча өзүнчө пункт бар. Анда ошол кезге чейин (1991-жылга) кайсыл өлкө кайсыл аймакты ээлеп турса, ошол чегара сакталат деп белгиленген. Ага Каримов да кол койгон. Биздин бийлик ошол документке таянышы керек. Башка эч кандай документтин кереги жок. Курбанбай Искандаров (чегара комиссиянын төрагасы) Үңкүр-Тоо Өзбекстанга таандык дебей Алмата декларациясына таянып, биздики деп айтышы кере
+7
SHATY
2016-03-23 21:52:21
Ал станцияны көчүрүш оңой иш эмес. Көп каражатты,эмгекти жана убакытты талап кылат. Бул Сариев тиги басып алган жердин ордуна ошол жерди бергени жатат.
+4
Bereke10
2016-03-23 21:52:52
Бугун Элтр каналынан талапкерлер чыгып кыйратабыз деватышат,чынына келгенде депутат болуп алып майлуу кресло,соц.обьектилерди басып алууну ойлошот,чек ара,жумушсуздук,миграция маселеси аларды кызыктырбайт. А баса, ЭЛТР шайлоону чагылдырууга акысы барбы,БШКнын аккредитациясынан откон эмес эле. Мыйзамды бузуу эмеспи бул?
+2
Beki092
2016-03-23 21:56:58
Сариевтин атасынын уйун Озбек элчилигине бериш керек
+4
zhusaliev89
2016-03-23 22:16:31
Кор болдунго кыргызым,оз жерине ээлик кыла албай
+2
saku00
2016-03-23 22:39:44
Окмоттогулордун колунан эч нерсе келбейт, мамлекет башчы антип оюна келгенин суйлоп атса байлыкты топтодуда эми куулуп кетсемда мейли деп олтурат.
+2
erikkarakulja
2016-03-23 22:45:29
Сариев ачык эле саткан экенда. Тобоо эмне деген шумдук. Аксыга дагы уялбай барганын айт. Жер саткан ата энени тууган уругуну сатканга барабар. Кыргыз атанын кусуруна калбагыла кыргызым. Унгар тоо учун мен даярмын жарты кашык каным калгыча коргоого.
+2
oushen
2016-03-23 22:46:53
Bizdi kudai gana saktait alldan uwunu gana suraily. Eldin peiline jarasha bashchy kelet oshonduktan peilibizdi ondoilu
+1
el9nora
2016-03-23 23:05:31
жерди беруу менен маселени чече турган болсок,кийин кыргыз кайда барар экен
+1
Meruet84
2016-03-24 00:08:26
Корооно бек бол!
Коншунду уруу тутпа деген макал эсиме тушуп жатат.Элим ач калса калсын улуу урматтуу атка минерлер ана башты эмне деп которуп журосунор .Биринчи чек араны бекемдеп иш баштасанар жакшы болмок , шалаакылык бул .Кыргызстандын кызарганын жеп бутуп эми бир жолу жерин да кошо жеп баштадынарбы .Ата бабаларыбыз кандай кастарлап откоруп берген болсо силерда да бизда келечекке откоруп беришибиз керекго акыры .Уят! намысынар жок экен!
+2
AlbertEnshtein
2016-03-24 00:37:23
Текебаев не унчукпайт???
Анан эртен я не при чем деп чыга келет.
Азыр пысмыйып отурган эки жуздуулорду эсинерге жаттап калгыла. Эртен президент болом, тигинтем, кыйратам дегенде сен чек ара маселеси учурунда кайда болдун эле деп суроо беребиз.
+6
ilbirs
2016-03-24 07:42:12
AlbertEnshtein, ооба туура айтасын мен 100% кошулам. Ар дайым ХХХ ХХХ ХХХ... Тынч заманда мен менсинбей ушундай кырдаалда, эл башына иш тушкондо озун корсотсо болмок.
+3
bekmaral
2016-03-24 03:44:59
Сариев озунун сый урматын менен кет отставкага!!!Мен сизди сыйлачумун.Бирок кечээки шаардык кенештин депутанын далилдуу айткан создорунон кийин сизге ишеним калган жок Ушинтип чече турган болсон.Кет кет башка чече тургандарга ордунду бошот .Башка созум жок.
0
ilbirs
2016-03-24 07:34:37
2015-жылы ноябрда Ункур-Тоону озбекстандын аймагына откоруу токтому менен Сариев ошол жерди сатып жиберген. Азыркы болуп жаткан окуялардын баары жонгана сенарийдин экинчи болугу. Концерт. Жер озбекстанга сатылды деп жарыялоо.
+2
Nazmirjaz
2016-03-24 09:23:42
Ким саткан болсо тозоктун отуна куйсун! Кылгылыкты кылып коюп жерди бошотолу дегендерди ушунча элдин каргышы урсун! Биздин бийликтегилердин оздорун саткан мезгил болоор бекен эээ...
0
nur0077
2016-03-24 10:18:58
Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгына каршы соз суйлоп,аракет кылгандарды токтоосуз атууга Окум кыламын!ушул буйрука тетири коммент жазгандар дагы Кыргыз мамлекетинин чыккынчылары.
+1
admin_portal
2016-03-24 12:14:08
Paul - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан