Бишкекте мектеп окуучусунун уюлдук телефонун уурдоого шектелген өспүрүм кармалды

Бишкек шаарында мектеп окуучусунун уюлдук телефонун уурдоого шектелген өспүрүм кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен 38 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү саат 12:00 чамасында белгисиз адам борбордогу мектептердин биринен анын кызынын 5,5 миң сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 16 жаштагы М.Н. аттуу өспүрүм кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан