Ош. Мас абалда сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп, анын өлүмүнө себепкер болгон айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылды

Ош шаарында мас абалда сүйлөшкөн кызын 4-кабаттан түртүп, оор жаракаттардан улам каза болуп калган кыздын окуясы боюнча айыпталуучу 8 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу 23-март күнү Ош облустук сотунун басма сөз бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, айыпталуучу М.К. 2015-жылдын 7-декабрында Ош шаардык сотунун чечими менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап шаардык соттун чечимин четке кагуусун суранып облустук сотко кайрылган. Облустук сот бул ишти карап чыгып, айыпталуучуну 8 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.

Эске салсак, окуя 2015-жылдын 8-май күнү Анар кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринде болгон. Анда 1991-жылы туулган М.К. аттуу жаран кызганычтан улам 4-кабаттан 32 жаштагы Мээрим А. аттуу тургунду түртүп жиберген. Оор жаракаттардан улам ал ооруканадан каза болуп калган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
89elnura89
2016-03-23 17:17:12
91 жылкыт болсо 31 чыккан кыз мн суйлошуп жургон бекен. Жайы жанатта болсун.
+6
Nasi1981
2016-03-23 17:54:12
Сегиз жыл аз, демек бир кучтуунун баласы же коп суммадагы акча таштаган.
-1
lolo.1
2016-03-23 18:17:30
32 жаштагы эже озу жигит кылып алган
+1
Belek2070
2016-03-23 18:22:27
Атайлап адам олтургон кеминде 15 жыл бериш керек эле.
+1
ruslankg
2016-03-23 20:25:16
Биздин соттордо бет жок адам олуп жатса уч жыл бергенин карасан шаардык соттун.
-1
Ayida
2016-03-23 20:29:55
Может баланын куноосу жоктур. Жаш баланын башын айландырып жургондор куноолу болсочу?
+2
altynka95
2016-03-24 05:10:32
Анарда жашаган группалашым айттыле биздин домдо болду деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан