Бишкек шаарында күндүз иштеп, кечкисин окуган окуучулардын №7-мектеби оңдоп-түзөөдөн өтүп, 26-мартта пайдаланууга берилди. Иш-чарага шаар мэри Иса Өмүркулов катышып, окуучулардын татыктуу билим алышы үчүн мугалимдер жакшы иштеши керектигин айтты. Андан соң окуучулар тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды. Айта кетсек, 100 кишиге ылайыкталган бул мектепте 120 окуучу билим алат. Саат 8:00дөн 12:55ке чейин 14 жаштан 18 жашка чейинки окуучулар окуса, саат 15:00дөн 19:55ке чейин 16 жаштан 25 жашка чейинки жарандар билим алышат.