SUPER.KG порталынын "Элдик видео" бөлүмүнө "Ар бир мүнөттү жазып турган саат жасалды" деген аталыштагы видео жүктөлдү (ник: Toch_v_toch). Видеодогу механикалык саатты япониялык студент Канго Судзуки жасап чыккан. Ал сааттын кадимки сааттардан айырмасы: сандарды көрсөтүп турчу багыттагыч көрсөткүчтөрү жок, бирок ар бир жаңы мүнөт импровизацияланган тактайчада жазылып турат. Япон студентине мындай саатты жасоо идеясы эски, 18-кылымда жасалган механикалык Куркуриненго куурчактарынан улам туулган. Ал: "Мындай буюмду биздин кылымда жасоо мүмкүн эмес деп ойлогом. Ушул сыяктуу нерсени жасагым келип, ар бир мүнөттү жазып турчу саатты жасоо оюма келди",- дейт. Судзуки алгач сааттын виртуалдык түрүн жасаган, максаты орундаларына көзү жеткенден кийин гана ал ишти колго алган.
Видеону көрүү үчүн шилтеме.