Бишкек шаарында уурулук фактыларына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал 22-март күнү саат 23:00 чамасында белгисиз адамдар анын үйүнө кирип, 28 миң сомдук ноутбугун уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 34 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери улантылууда.