Борбор калаадагы Асанбай кичи районунун аймагындагы 4 кабаттуу үйдөн чыккан өрт кырсыгынан эч ким жабыркаган жок. Бул тууралуу бүгүн, 23-мартта ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, эртең менен саат 10:50дө 112 кызматына Ницца турак шаарчасынан өрт чыкканы тууралуу билдирүү түшкөн. Аталган дарекке барган өрт өчүрүүчүлөр турак жайдын 4-кабатынан өрт чыкканын аныкташкан. Аны өчүрүүгө 3 унаа тартылып, саат 14:20да өрт толугу менен өчүрүлгөн. Өрттүн кесепетинен болжол менен 500 чарчы метр үйдүн аянты күйүп кеткен. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.