Бишкекте "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүүдө

Бүгүн, 23-мартта борбор калаадагы "Манас" кинотеатрында "ЖинМэн" комедиялык тасмасынын бет ачары өтүп жатат. Ага тасманын жаратуучулары, кыргыз элине белгилүү өнөр адамдары, чакырылган коноктор жана шаар тургундары катышууда. Залда элдин көбүнөн бут коёрго жер жок, алар тикесинен тик туруп көрүп жатышат. Алып баруучу Бакыт Байсариев тамашалары менен көрүүчүлөрдү күлдүрүп жатты.

Тасманын экинчи режиссёру Эрмек Исмаилов фильм тууралуу буларды айтты:

"Учурда көп тасмалар тартылып жатат. Албетте, баары жогорку деңгээлде тартылбайт. Кино тармагында мындай нерсенин болгону жакшы, себеби сапаттуулары иргелет, улам жакшы тасмалар тартыла баштайт. "ЖинМэн" комедиялык тасмасы көрүүчүлөргө жагат деп үмүттөнөбүз. "Эл - тараза, эл - сынчы" дегендей, бүгүн эл назарына коюлду".

Ал эми башкы каармандын ролун жараткан Нурсултан Алибековдун бул дебюттук ролу. "Тасмада көпкөн, шок баланын образын жараттым. Буга чейин жарнамалык түрмөктөргө эле тартылганым болбосо, тасмага тартылган эмесмин. Образымды көрүүчүгө жеткире алдым го деп ойлойм. Өзүм да көрө элекмин, кандай ойногонубузду көрүүчүлөр менен чогуу байкайбыз",- деди Алибеков.

"ЖинМэн" комедиялык жанрындагы тасма жарыкка чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Мэри
2016-03-23 23:39:51
"ЖинМэн"... аталышы шумдук... Эмне деген сөз, эмне деген маани болду экен, жаңы сөзбү...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан