Бүгүн, 24-мартта Улуттук китепканада 2005-жылдын 24-мартындагы Улуттук революцияга арналган китеп-сүрөт көргөзмөсү ачылды. Ага Март окуяларын чагылдырган сүрөттөр, китептер жана массалык маалымат каражаттарынан алынган макалалар коюлган.
Улуттук китепкананын юридикалык бөлүмүнүн сектор башчысы Кенже Ибраева: "Эгемендүүлүктүн толкунунда демократиялык коомду калыптандыруу, адамдарга бакубат жашоо шартын түзүү убадасы менен 1990-жылы 27-октябрда бийликке келген биринчи президент Аскар Акаевдин жүргүзгөн саясаты элдин ишеничин актабай, өлкөбүздүн келечегин эстен чыгарып, үй-бүлөлүк бийликти сактап калуу аракеттери гана көрүлүп калды.
Көз карандысыздыктын 14 жылында экономиканын базасы талкалануунун жана талап-тоноонун объектисине айланган. Улуттук өндүрүштү кайра иштетүү боюнча чаралар көрүлгөн эмес. Өнөр жайдын анча-мынча негизин түзгөн белгилүү завод-фабрикалар токтогон, менчиктештирилген ишканалар өздөрүнүн профилин өзгөрттү же иштебей калды. Кирешелүү объектилер Акаевдин үй-бүлөсүнүн көзөмөлүнө өттү.
Адам укугу жана эркиндиги, демократиянын баалуулуктары жана эрежелери кагазда калып, калктын саясатка, бийликке, президентке болгон ишенимин азайткан. Элдин жашоо деңгээли жана адамдардын өнүгүү индекси жылдан-жылга төмөндөп, үчтөн экиси жакырчылыкта калды. Жүз миңдеген мекендештер эмгек мигранттарына айланышты.
Республикада өткөрүлгөн референдумдар, шайлоолор президенттин жеке амбициясын канааттандыруу үчүн жүргүзүлүп, анын чексиз бийлигин көбөйтүүгө жана күчөтүүгө багытталып калган.
Социалдык теңсиздиктин, адилетсиздиктин натыйжасы, өзгөчө акыркы өлкө парламентине болгон шайлоолордун акыйкатсыз өтүшү, ченемсиз өскөн коррупция, коомдун моралдык, адеп-ахлактык бузулушу калктын калың катмарынын чыдамы чегине жеткендигин көрсөттү. 24-мартта кыргыз эли чечкиндүүлүгү менен кан төкпөй Акаевдин бийлигин кулатты".