Брюсселдеги аэропортто өзүн өзү жардырган адам өлөр алдында эмне деп кат жазганы белгилүү болду

Бельгиянын Брюссель шаарындагы аэропортто өзүн өзү жардырган адам Ибрагим эль-Бакруи өлөр алдында кат жазганы белгилүү болду. "Мен эмне кыларымды билбей жатам. Мен качып жүрөм, мени ар жерде издеп жүрүшөт. Эгер колго түшсөм, түрмөгө камашат",- деп жазылат аталган катта.

Чет өлкөлүк басылмалардын маалыматтарына ылайык, Бельгия тергөөчүлөрү аэропортто бомбаны 29 жаштагы бельгиялык жаран Ибрагим эль-Бакрауи жардырган деп эсептешет. "Ошондой эле "Маальбек" метросундагы жардырууга анын иниси, 27 жаштагы Халид Бакрауи жардамдашкан деген пикирди карманышууда. Кечээ ага-ини Бакрауинин шериги деп божомолдонуп жаткан адамды издөө улантылган. Ал жарылуучу зат салынган баштыкты аэропортко калтырып, өзү качып кеткен. Бомба жарылган эмес, аны полиция таап алып, зыянсыздандырды. Теракттын качып кеткен төртүнчү катышуучусу да бар деп айтылууда. Брюсселдеги бул теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” деп аталган экстремисттик топ мойнуна алды",- деп жазышат басылмалар.

Айта кетсек, 22-мартта эртең менен Брюсселдеги Завентем аэропортунун ичинде 2 жардыруу болгон, бир сааттан кийин метрополитендин жанында 1 жардыруу орун алган. Бул теракттардан улам каза тапкандардын саны 34 адамга жетти, ал эми ар түрдүү жаракаттарды алгандардын саны 200дөн ашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
nuri2605
2016-03-24 09:22:52
Кудай сактасын! Дуйнодо, эли-жерибизде тынчтык эле болсо экен!
+5
Bazana
2016-03-24 09:53:41
Не эле болуп атат дуйно жузу кунуго эле окшош кабарлар болуп калдыго самолёт жарылды метродо озун жардырды аягы не болуп бутоор экен эми ...
+2
audi80
2016-03-24 10:08:43
Кимдир бироолордун кызыкчылыгыга алданып оздорун жардырып жатышатта
+3
admin_portal
2016-03-24 11:38:31
Nurmuhammad-1 - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан