Аламүдүн районундагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен үй ээси каза тапты

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы турак үйлөрдүн биринде өрт чыгып, анын кесепетинен 46 жаштагы үй ээси каза тапты. Бул тууралуу 24-март күнү Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, окуя аталган райондун Восток айылында болгон. Шифер жабылган, жыгач устундуу турак үйдүн 2 чарчы метр чатыры, 100 чарчы метр аянттагы 3 бөлмөсү толугу менен күйгөн. Өрт болгон жерден 46 жаштагы үй ээси Алексей Молдовановдун күйгөн денеси табылган. Өрттүн себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан