Кытайда бир топ жашка барып калган аял 2 жашар кыздын башкаруусундагы унаа менен жолду бөлүшө албай ызы-чуу жаратты. Ал "жол кырсыгына кабылдым, денеге келтирилген жаракаттар жана моралдык зыян үчүн компенсация талап кылам" деп кыздын ата-энесине кайрылган. Бул тууралуу "rai77.ru" басылмасы кечээ, 23-мартта жазып чыкты.
Видеого тартылып алынган кадрлар Кытайдагы интернет колдонуучулары тарабынан кызуу талкууга алынган. Маалыматтарга караганда, улгайган аял тажрыйбасы жок айдоочунун ата-энесинен келтирилген ыңгайсыздык үчүн акча төлөп берүүнү талап кылган. Кыздын апасы "жабырлануучуга" болгон аракетин жумшап окуяны түшүндүрүүгө аракет жасаган. Бирок "жабырлануучу тарап" көңүл бурбай, кичинекей кызды күнөөлөгөнүн уланткан. Кызыктуу "жол кырсыгы" эмне менен аяктаганы азырынча белгисиз.