Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды

Бишкек шаарында 9 жаштагы балага бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал саат 21:30 чамасында 40-45 жаштардагы белгисиз киши арыз ээсинин 9 жаштагы небересине бычак такап ыплас аракеттерди жасоого аракет кылгандыгын билдирген.

Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов райондук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Я.Е. аттуу шаар тургуну кармалган. Учурда ал Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
al-abu-kinesz
2016-03-24 10:22:42
Педофилдерди эл козунчо жазалай турган закон киргизиш керек мыйзамга!
+2
dasta
2016-03-24 10:31:57
ХХХ ХХХ ХХХ... Небересиндей адамга кантип колу барды екен ХХХ
+1
admin_portal
2016-03-24 10:47:43
dasta - эскертүү!
Ачууга алдырып порталдын эрежелерине туура келбеген билдирүүлөрдү жазууга тыюу салынат.
0
Jigittin_gulu
2016-03-24 10:44:57
ХХХ ХХХ ХХХ... керек.
0
admin_portal
2016-03-24 10:48:16
Jigittin_gulu - эскертүү!
Провокация жарата турган билдирүүлөргө тыюу салынат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан