23-марта Чүй облусунун Сокулук райондук сотунун жардамчысы 4000 сом пара алып жаткан учурунда кармалды. Бул тууралуу 26-мартта ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалым болгондой, кылмышка шектүү адам ИИМдин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан колго түштү. Ал айдоочунун айдоо укугунан ажыратпоо үчүн күбөлүгүн ээсине берип жатып, акча алган. Бул аракет боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө башталды.