Борбор калаада ооруканадан сыналгы уурдоого шектелип туруктуу жашаган жери жок жаран кармалды

Борбор калаада ооруканадан сыналгы уурдоого шектелип туруктуу жашаган жери жок жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен шаар тургуну кайрылган. Ал борбордогу Элебесов көчөсүндө жайгашкан кургак учук бейтапканасынан белгисиз адамдар 3000 сомдук сыналгыны уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында аймактык тескөөчү тарабынан туруктуу жашаган жери жок К.Э. аттуу жаран кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erazamat
2016-03-24 10:31:55
3000сомдук телевизор урдаса кармагыла камагыла узбектер бастырып кирсе оозунарды ачып отура бергиле ХХХ ХХХ ХХХ...
-2
admin_portal
2016-03-24 10:51:03
erazamat - эскертүү!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан