Жакынкы убакытта АКШнын ар бир жараны өзүн кайсы бир уюмдун жашыруун тыңчысы катары сезип калышы мүмкүн. Себеби эми анын жанында дайыма кызыктуу, көпчүлүк учурда өлүмгө алып келүүчү смартфонго окшош тапанча жүрөт. Америкалык "Ideal Conceal" компаниясы жашыруун алып жүрүүгө ылайыкташтырылган тапанчаны иштеп чыкты. Тапанча бир караганда жөнөкөй смартфондон айырмасы жок. Бул тууралуу чет элдик басылмалар кабарлайт.
Видеодо көрүнүп тургандай тапанчада 2 ок атуучу көзөнөк жайгашкан. Анын ар бири 9х17 миллиметр калибрлүү тапанча огу менен октолгон. Ок атуучу гаджет ушул жылдын аягында сатууга чыгат. Баасы 395 долларды түзөт.