Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды

Бишкекте алдамчылык фактысына шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Кара-Балта шаарынын тургуну кайрылган. Ал "Айчүрөк" соода борборунан чала таанышы ишенимине кирүү менен "Айфон 6", "Айфон 6С" үлгүсүндөгү кымбат баалуу уюлдук телефондорун алып, изин жашырып кеткенин билдирген. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында Свердлов РИИБинин №10-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн кызматкерлери тарабынан Бишкек шаарынын А.Д. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан