Сузак районундагы көчкү жүргөн жердеги жарандар 1994-жылдан бери мыйзамсыз жашап жатышканы аныкталды

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагынын Алмалуу-Булак айылында кечээ, 23-мартта болгон жер көчкүдөн улам 18 үйдө электр энергиясы жок. 300 метр электр зымы, 5 электр мамысы жер көчкү астында калган. Секундасына 30-40 литр көлөмдө агып жаткан сууну жер көчкү тосуп калган. Эгерде бул суунун нугун ачуу чаралары көрүлбөсө, Алмалуу-Булак айылында 55 кожолукту суу каптоо коркунучу бар. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Алмалуу-Булак айылы кооптуу аймак болгондуктан, жергиликтүү жашоочуларды көчүрүү маселеси жаралган. Мындан улам 1994-жылдан 2015-жылга чейин 78 үй-бүлө мамлекет тарабынан ссудаларын жана жер тилкелерин алып, алардын ичинен болгону 5 үй-бүлө көчүп чыккан, 73 үй-бүлө бүгүнкү күнгө чейин көчпөй, мыйзамсыз жашап келе жатат.

КРнын ӨКМнын Жалал-Абад облустук башкармалыгы тарабынан жергиликтүү бийликтерге кооптуу аймакта жашап жаткан жарандарды көчүрүп кетүү боюнча жыл сайын атайын эскертмелер берилип, жашоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп келет. Суу каптоо коркунучунун алдын алуу максатында КР ӨКМнын Өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча түштүк борбору тарабынан 1 экскаватор, Кызыл-Туу айыл аймагы тарабынан 1 жүктөгүч тартылып, жалпы 2500 метр куб жер көчкү тазаланды. Электр энергиясын калыбына келтирүү иштери, жер көчкү тазаланып бүткөндөн кийин жүргүзүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Pandora
2016-03-24 12:00:45
Бийлик 22 жылдан беери каякты карап журуптур? Аларда не кылсын Ата жайын таштап кеткенге коздору кыйбайтта.
0
nurik11-29
2016-03-24 13:04:05
мындай корунуштор коп,менда андай фактыларды билем,биздин айылда да бир ,айыл кооптуу деп тавылып кочуп кетуу башка жерге уй салуу боюнча акча болунгон,мен билгенден баары эле алган ошол акчаны ,бирок эчч ким кочкон эмес жашап атышат!!кудай сактасын тил жоодон!!
0
Birimdik5555
2016-03-24 13:21:46
Бийлик жер анан ссудаларды бериптир го дагы не кылсын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан