Ошто 30 гектар жерди мыйзамсыз түрдө сатып жиберген экс-мэрдин үстүнөн козголгон кылмыш иши сотко жөнөтүлдү

Ошто мыйзамсыз түрдө 310 миң сомго бааланып жеке менчикке сатылып кеткен 30 гектар жер боюнча козголгон кылмыш иши аяктап, Ош шаардык сотуна жөнөтүлдү. Бул тууралуу 24-март күнү Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган факт боюнча кылмыш иши 2015-жылдын 19-октябрында козголгон. Анда Ош шаарынын Жапалак айылдык кеңешинин муктаждыгын чечүү үчүн, өкмөттүн токтомуна ылайык, 30 гектар айыл чарба жерин калк отурукташа турган жерге которгону белгиленген. Ал 154 үлүшкө бөлүнүп, мектеп, бала бакча, дарыкана, ФАП, өндүрүш-өнөр жай комплекси жана башка керектүү инфраструктура салынмак. Бирок шаардык мэриянын, өкмөттүн, Жапалак айыл өкмөтүнүн жетекчилери, Ош шаарынын Архитектура жана мамлекеттик каттоо башкармалыгынын жогорку кызмат адамдары аталган жер тилкесин 310 миң сомго баалап, жеке менчикке сатып жиберишкен.

Бул боюнча шаардын экс-мэри Жумадыл Исаковго жана жогоруда аталган кызмат жетекчилерине карата КРнын Кылмыш-жаза кодексинин “коррупция” беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алкагында аталган жер тилкеси 26 миллион 640 миң сомго бааланып, Ош шаарынын мэриясына кайтарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
gulbadam91
2016-03-24 11:49:18
Ушинтип бирини бирин чукуу менен алек болуп журо бергиле,башка иш колунардан деле келбейт,чек ара маселесин эл озу эптеп алат!
+3
MuslimNur95
2016-03-24 12:03:26
30 Гектар 310 мин сом го бааланса жер арзанбы бизде
+1
potriot.kg
2016-03-24 12:31:34
Мырзакматовту ептеп камакка тыгыш керекта.. ошого еми жерди ойлоп тааптыр.. Сариев менен Аша жумуштан кеткенден кийин екоо да жоопко тартылат озбекстанга откозуп жиберген жерлер учун
-4
Vacant
2016-03-24 13:05:14
potriot.kg,
Экс мэр Жумадыл Исаков деп турат го. Жакшылап окуп анан жазыш керек да,корунгон жерге эле Мырзакматовду баатыр кылып эле кошо бербей.
+2
DUNI
2016-03-24 14:15:24
Мелис Мырзакматов окшойт деп ойлопмун. Мыйзамсыз копуро баштады деп соттоп жоготтунарле,элге керектуу копурону.Мурдагы мерлерди тааныбайт экенмин.
+3
alina79
2016-03-24 14:27:42
Бул Жумадыл, Исаков Мырзакматовго чейинки мэр болгон.Ал азыр Бишкекте бир чон креслону кучактап отурат...
+4
al-abu-kinesz
2016-03-24 15:24:08
мен тушунбой калдым, 310 минге сатылган жерди кайра 26640 минге сатып алдыбы? же себестоимостьпу?
+1
Take_men
2016-03-24 18:37:27
al-abu-kinesz,26 млн бааланды. Кайра сатып алышкан жок да. Сатып алган адамга 310 мин сом кайтарып берет. Жер окмотко калат
+1
baltabaev
2016-03-25 00:20:55
Мии,,,ляя ушундай кылышат да койлор
0
Svoboda83
2016-03-25 20:55:58
Кеечке ошол Мырзакматовунарды айта берет экенсинер Озбектер Каримовду жаман дегенден корккондой.Как будто силерге бир нерсе берип оз чонтогунон акча жумшагандай.Мен эчкимисин мактабайм баардык бийликтегилер эски боорулор!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан