Бишкекте унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоого шектелген жаран кармалды

Бишкекте унаа токтотуучу жайдан унаа уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен А.А. аттуу жаран кайрылган. Ал өзүнүн үйүнүн жанында жайгашкан унаа токтотуучу жайда токтоп турган Тойота Авенсис үлгүсүндөгү унаасын белгисиз адамдар уурдап кетишкенин билдирген. Жүргүзүлгөн ыкчам аракеттердин алкагында кылмышка шектүү катары Бишкек шаарынын З.С. аттуу тургуну кармалган. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан