КИНОЗАЛ: "Президент жана бомж" тасмасындагы айрым кадрлар Нариман Түлеевдин үйүндө тартылган" дейт тасманын продюсери

Кыргыз коомчулугунда кызыгуу жараткан тасмалардын бири - "Президент жана бомж" тасмасы. Тасма 2012-жылы тартылган, жанры - мелодрама, комедия. Режиссёру - Ырыс Окенова. Тасмада Марат Алышбаев, Аскат Сулайманов, Марат Жанталиев, Нурзат Токтосунова, Камчы Сарыбаев, Назира Бердигулова өңдүү актёр-актрисалар роль жаратышкан.
Фильмдин продюсери жана сценарийинин автору Өмүрзак Төлөбеков: "Ажонун иш бөлмөсүн, үйүн, кымбат баалуу машиналарын Нариман Түлеевдикинен тарттык. Бул жагынан ал чоң колдоо көрсөттү. Өзү жүргөн машинасын бизге берип, кээде такси менен кетип, отурган иш бөлмөсүн бошотуп берип жатты. Анан ушундан улам “Нариманды ушул фильм үчүн камап салыптыр” деген сөз чыгып кетиптир. Бул жерде эч кандай Түлеев тараптан саясий буюртма болгон жок",- деп билдирген бизге берген маектеринин биринде.
Президент менен жолугушуп, жеке көйгөйлөрүн чечүү ар бир адамга эле буюрбаган нерсе. Өлкө башчынын кабылдамасында айлап-жылдап кезек күтүп отургандар канча? Тасмада өлкө башчысы жеке кортежи менен өтүп баратканда көчө бойлой желим бөтөлкө чогултуп жүргөн селсаяк Жуманы байкап калат. Бул окуядан соң тасмадагы президент Самат Аманович министрлердин ишин катуу сынга алат.

"Президент жана бомж" тасмасын толугу менен бул жерден көрүңүз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kroxa
2016-03-29 23:46:30
Уйу шумдукко кимдин уйу болду экен дедик эле ....
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан