Өткөн суткада өлкөдө 14 өрт кырсыгы катталып, Каракол шаарындагы сейил бактан 8 балаты күйүп кетти

Өткөн сутка ичинде өлкө аймагында 14 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор калаада 2, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 3, Талас облусунда 2, Нарын облусунда 1, Ош облусунда 1 өрт кырсыгы катталды.

Каракол шаарындагы Пушкин сейил багында өрт кырсыгы катталып, 8 балаты күйүп кетти. Өрттүн келип чыгуусуна тамеки тартуудагы этиятсыздык себеп болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан