Баткенде "унаа уурдоого аракет кылган" деген шек менен 3 жаран кармалды, алардын бири 15 жашта

Баткенде "унаа уурдоого аракет кылган" деген шек менен 3 жаран кармалды. Алардын бири 15 жаштагы бала экенин 24-март күнү Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, 22-март күнү Кызыл-Кыя шаарынын 1-кичи районунун 32 жаштагы Султан уулу Салижандын Дэу-Тико үлгүсүндөгү унаасынын эшигин бузуп, белгисиз адамдар аны уурдоого аракет жасашкан. Унаа ээси жалпы 3000 сомдук зыянга учураган. Аталган кылмышка шектүү катары Ноокат районунун Көк-Жар айылынын 18 жаштагы тургуну Р.Р. Ноокат районунун Бел-Орук айылынын 23 жаштагы тургуну Ж.Д. жана Ноокат районунун Ак-Булак айылынын 15 жаштагы тургуну К.Б. кармалды. Алардын үстүнөн КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 18 жаштагы Р.Р. жана 23 жаштагы Ж.Д. убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал эми жашы жете элек К.Б. өлкөдөн чыгып кетпөө тил катынын негизинде коё берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан