Бишкекте күйөөсүн жиликтеген келиндин иши боюнча соттук отурум 4-апрелге жылдырылды

Бүгүн, 24-мартта Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда күйөөсүн жиликтеген 26 жаштагы С.Айдайдын иши боюнча экинчи соттук отурум болмок. Бул окуяны карап жаткан судья шаардык сотко которулуп жатканына байланыштуу соттук иш башка соттун кароосуна өткөрүлүп, 4-апрелге жылдырылды.

Маалыматка ылайык, күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген 26 жаштагы С.Айдай 2015-жылдын 18-августунда кармалган. Ал өз көрсөтмөсүндө күйөөсү экөөнүн ортосунда уруш чыгып, аны бычактап, кийин аны жиликтеп салганын билдирген.

Айта кетсек, 2015-жылы 14-августта Бишкектин 5-кичи районунда таштанды челектеринин биринен эркек адамдын дене бөлүктөрү: кесилген колдору жана буттары табылган. Анын эртеси өлтүрүлгөн адамдын башы Фучик көчөсүнөн, денесинин дагы бир бөлүгү борбордогу чайканалардын биринин жанынан чемоданга салынган абалда табылган. Тергөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары маркумдун аялы кармалып, ал кылмышын моюнга алган. Кылмышка шектүү менен маркум Эрлан Оркошов 4 жыл бирге жашашкан, ортосунда 2 уулу бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан