Сокулук районунда "короодо токтоп турган унаанын дөңгөлөктөрүн чыгарып кеткен" деген шек менен 2 жаран кармалды

Сокулук районунда уурулукка шектелген 2 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 24-мартта Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга арыз менен Сокулук районунун тургуну кайрылган. Ал белгисиз адамдар үйүнүн короосунда токтоп турган Фольксваген Гольф үлгүсүндөгү унаасынын 4 дөңгөлөгүн чыгарып кетишкенин билдирген. Бул факт боюнча "уурулук" беренеси менен кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында 23-мартта кылмышка шектүү катары 23 жаштагы А.К. жана Ж.А. аттуу Токтогул районунун мурда соттолгон тургундары кармалган. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилип, иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан